Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечими кабыл алынды. Алдыда ачык сынак жарыяланбай турганын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссия ушул жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңешке сынактан жеңген үч вариантты алып келиши керек болчу. Бирок жакшы вариант чыкпагандыктан комиссиянын иши 1-декабрга чейин узартылды.



