Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
2-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Чоң Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада капчыгайдагы 5-көпүрө жараксыз абалга кептелген. Бул өтмөк капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алууга келген туристтер үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө көпүрө толугу менен калыбына келтирилип, унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз каттамы камсыз кылынды.



