Хоккей боюнча III дивизиондун командалары арасындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы төртүнчү беттешин өткөрдү. Кыргызстандыктар Түркмөнстан курамасы менен кез келип, 8:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Төрт турдан кийин биздин хоккейчилер турнирдик таблицада биринчи орунду ээлешүүдө. Алар буга чейин Люксембург, Түштүк Африка жана Босния жана Герцеговинаны утуп алышкан. Түркия курамасы менен беттеш 27-апрелде болот.
Турнир Стамбулда өтүп жатат. Мелдеште жеңген команда экинчи дивизионго жолдомо алат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



