коопсуздук
Ички иштер министрлиги унаа айдап баратып каршы тилкеге чыгып кеткендер үчүн 15 миң сом айып пул каралганын эскертет.
Бул айып пулга жеңилдик берилбейт, сумма толук көлөмдө төлөнүшү керек.
Ведомство белгилегендей, каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу. Мындан улам, айдоочуларга рулда этият болуу жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.


