Кыргызстандын ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
«Туристтик сезондун соңуна чейин милиция кызматкерлери эс алуу аймактарында жана каттамдарда коомдук тартипти көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ар кандай инциденттерге өз убагында ыкчам чара көрүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барышат», — деп айтылат маалыматта.



