Июль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү

Июль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү.

 

Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 262 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн, 17,5 млн доллар алыскы чет өлкөлөрдөн которулган. Ошол эле мезгилде Кыргызстандан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 24,4 млн доллар болду.