Индонезиянын борбору Джакарта дүйнөдөгү калкы эң көп шаар деп табылды. Бириккен улуттар уюмунун жаңы эсебине ылайык, аталган калаада учурда 42 миллион адам жашайт.
Экинчи орунда — 37 миллион калкы бар Бангладештин борбору Дакка шаары турат. Ал эми үчүнчү орунду 33 миллион эли бар Токио ээледи.



