Инвестор узак мөөнөткө алган жерди иштетпесе жер алынат

Инвестор узак мөөнөткө алган жерди он жылдын ичинде иштетпесе жер алынат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жерди максаттуу пайдаланбаган, кыртышты бузган инвесторлор чет элдик, жергиликтүү экенине карабастан жоопко тартылат.

 

Бузулган жер кыртышын калыбына келтирүүгө милдеттендирилет.