“Чакан, кичи жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге 8 миллиард сомдон ашык каражат берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 11 миңден ашык ишкер үстөксүз насыя алган.
Мекеме долбоор 2021-жылдын жазында кичи жана орто ишканаларга кризистик кырдаалдарга жардам берүү үчүн башталганын эске салат. Анын алкагында үч миллион сомго чейин берилет.
Программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланат. Долбоор 2027-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймагында ишке ашырылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



