Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга каражат бөлүп берет

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга каражат бөлүп берет. Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырды.

 

Документке ылайык, республика 79 миллион доллар алат. Бул каражатка өлкөнүн бардык аймактарында жалпы аянты 112 миң чарчы метр барабар үйлөрдү куруу пландалууда. Күтүлгөндөй, жыйынтыгында 2 миңдей үй-бүлө турак-жайлуу болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.