Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык үч балбан алтын алды

Ислам шериктештиги оюндарында балбандар Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Абдумалик Карачов алтын медаль тагынды. Оюндар Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда өтүп жатат.

 

Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова ушуну менен Ислам шериктештиги оюндарында экинчи жолу жеңишке жетишти. Алар 2022-жылы Түркиянын Конья шаарында өткөн мелдеште да алтын алышкан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.