Испания футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Испания футбол боюнча дүйнө чемпиону болду. Муну менен ал тарыхында экинчи жолу бул наамга ээ болду. Буга чейин испаниялыктар дүйнө чемпионатын 2010-жылы уткан. Финалда Испания Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңди.

 

Жеңиш голун 106-мүнөттө оюнга кийин кошулган Ферран Торрес киргизди. Ал эми Аргентинанын жарым коргоочусу Энцо Фернандес негизги убакытка кошулган мүнөттөрдө экинчи сары айып кагазын алып, оюндан четтетилди.