Италия дүйнөдө биринчи болуп ооруп калган үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүүнү мыйзамдаштырды.
Эми иш берүүчүлөр кызматкердин ити же мышыгы ооруп калса же өлүп калса, үч күнгө чейин төлөнүүчү өргүү берүүгө милдеттүү. Мурда мындай тыныгуулар туугандарга байланыштуу үй-бүлөлүк жагдайлар үчүн гана берилчү.
Жаңы мыйзам “үй-бүлө” түшүнүгү кеңейип, көп адамдар үчүн үй жаныбарлары эбак эле жакын жанга айланып калганы менен шартталууда.



