Италиянын Пенне шаарында үйлөр бир еврого сатылууда

Италиянын Пенне шаарында үйлөр бир еврого сатылууда. Мындай жол менен жергиликтүү бийлик борбордук көчөлөрдүн тышкы көрүнүшүн жакшыртуу ниетинде. Жалпысынан шаарда 40 ээн калган имарат бар.

 

Алардын бардыгы тарыхый борбордо жайгашкан. Сатып алуучу үй үчүн бир эле евро берет, бирок 3 жылдын ичинде аны толугу менен жаңыртып чыгышы керек. Ага муниципалдык архитекторлор жана куруучулар жардам берет.