Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 миллион 442 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт

Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 миллион 442 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Япония бул суммага Кыргызстандын алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы калкты тейлөө үчүн төрт мобилдик диагностикалык борбор сатып алат. Белгилеп кетсек, диагностикалык борбор катары жабдылган төрт жол тандабас болот. Алар МРТ, КТ, рентген аппараты жана УЗИ менен жабдылат.