Японияда мектеп окуучулары үчүн атайын “каникулдук өргүү” киргизилүүдө

Эми балдар үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү үчүн окуу күндөрүндө бир нече күнгө эс алууга чыга алышат. Мындай себеп менен сабак калтыруу окуучунун жетишкендиктерине же бааларына таасир этпейт.

 

Бул программа ата-энелердин өтүнүчү менен ишке киргизилди. Алар эс алууну пландаштыруу кыйын экенин айтып келишкен.

 

Көпчүлүк учурда окуучулар бул мүмкүнчүлүктү экскурсияларга барууга же үй-бүлөсү менен саякаттоого жумшашат.