Экологиялык жылытуу системаларына женидетилген насыя берилет

Бишкек жана Чүй облусунун тургундары жеке менчик үйлөрүнө экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

 

Маалыматка ылайык, насыя беш жылга чейинки мөөнөткө 1 млн сомго чейин берилет. Каражат заманбап, энергияны үнөмдөөчү жылытуу жабдууларын, анын ичинде жылуулук насосторун сатып алууга жана орнотууга багытталат.