Экономика министрлиги мамлекеттик кызматтардын сапатын баалоону киргизүүдө. Бул үчүн жумушчу топ түзүлүп, ал Стандартташтыруу жана Аккредитациялоо борборлорун текшерип баштады.
Башкы максаты — мамлекеттик мекеменин күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо, кызматтарды ыңгайлаштыруу, ишенимдүүлүктү жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо.



