Эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын насыялык рейтингин жогорулатты

Эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын насыялык рейтингин B3төн B2ге жогорулатты.

 

Министрлер кабинети билдиргендей, аталган агенттиктин “туруктуу” деген баасы Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторундагы позициясын бекемдеп, инвесторлордун ишенимин арттырат.

 

Министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты болуп Оппенгеймер Европа инвестициялык банкы иштейт.