Электр тармагындагы аварияга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы өчтү

Электр тармагындагы аварияга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы өчтү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, ордо калааны жарык менен камсыз кылган ири көмөк чордондо авария болду. Учурда адистер анын кесепетин жоюу аракетин көрүп жатат. Өлкөнүн башка аймактарында электр энергиясы өчкөн жок.