Электромобилдерди бажы төлөмсүз киргизүү квотасы көбөйтүлдү

Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымсыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.

 

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынган бул чечим 17-августтан баштап күчүнө кирет. Анын алкагында импорттоочулар Кыргызстанга 15 пайыздык бажы алымысыз дагы 10 миң электромобиль киргизе алышат.