Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздары жоюлбайт, бирок жөнөкөйлөтүлөт

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздары жоюлбайт, бирок жөнөкөйлөтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмеси кайра каралат. Эске салсак, Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды беш багытка калтырып, калганын бошотуу керектигин айткан. Муну менен чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлөрүн белгилеген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.