Эмгек министрлиги республиканын 30 районунда жаштар стажировкасын киргизүүдө. Добоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен пилоттук режимде ишке кирет. Программанын алкагында 3 миңдей жумушу жок адамдар тажрыйба топтоо максатында стажировкага кабыл алынат. Аларды 150дөн ашык компания кабыл алууга даяр.
Дем берүү үчүн ар бир катышуучуга айына 8 миң 600 сомду түзгөн стипендия бөлүнөт. Стажировка жарым жылга созулат. Арыз берүү үчүн жаштар Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.



