Мирланбек Байгончоков эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Бакыт Дарманкул уулу аркалап келген.
Ал эми Мирланбек Байгончоков Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп иштеген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



