Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.



