Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Мекемеге караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланган «Коррупция жөнүндө билдирүү» санариптик кызматын ишке киргизди.
Кайрылуу жөнөтүү үчүн электрондук форманы толтуруу, зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркөө керек.
Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.



