Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары башталды. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Президенттик администрациядан маалым болгондой эртең, 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу каралган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



