Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абалды күн сайын көзөмөлдөп жатат. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү, ал эми жеткирүүлөр түзүлгөн келишимдер боюнча үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ошол эле учурда ички рынок импортко жана дүйнөлүк мунай баасы менен логистика сыяктуу тышкы факторлорго көз каранды.
Туруктуу жеткирүүнү камсыздоо үчүн бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, күйүүчү май жеткирүүчү мамлекеттердин санын көбөйтүү иштери уланууда. Ошондой эле министрлик мунай компаниялары менен баалар, жеткирүү жана күйүүчү май корун түзүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда.



