Энергетикадагы авариялык өчүрүүлөрдү комиссия иликтейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, акыркы жарым жылда өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган.

 

Анын негизги себептери катары жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, электр берүү линияларынын үзүлүүсү жана айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси айтылды.

 

Буга байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасы берилди.

 

Эске салсак өткөн жума, 14-августта Кыргызстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүп кайра күйгөн.