Энергетиктер келе жаткан күз-кыш сезонуна кызуу даярдык көрүүдө

Энергетиктер келе жаткан күз-кыш сезонуна кызуу даярдык көрүүдө. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, трансформатордук подстанциялардын капиталдык оңдоо-түзөө иштери жүрүп, электр өткөрүү линиялары жана мамылар жаңыртылып жатат.

 

Андан тышкары, энерго объектилердин имараттары, курулуштары реконструкцияланууда. Аталган иш-чаралар керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын сапатын жакшыртууга багытталат.