“Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери убактылуу иштебейт

“Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери убактылуу иштебейт.

 

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытайда  Улуттук күнү жана Күз ортосу майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт.

 

25-сентябрда кечки саат 10дон эртең мененки саат 8ге чейин жана  1-октябрда саат 10дон эртең мененки саат 8ге чейин жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.