Эртең, 1-июлдан тарта чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар Россияга кирүү үчүн “Госуслуги” жана “RuID” тиркемесин колдонушу керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Байбосов билдирди.
Анын айтымында, арыз сапарга чейин 72 саат мурда тапшырылат. Жактырылгандан кийин берилген QR-код чек арадан өтүүдө көрсөтүлөт.
Өзгөчө кырдаалда арызды 4 саат мурда берүүгө уруксат берилет. Ал эми 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү берет. Бул үчүн алардын өзүндө Россияга кирүүгө жарактуу уруксаты болушу шарт.



