Эртең, 7-ноябрда кыргызстандыктар иштейт

Эртең, 7-ноябрда кыргызстандыктар иштейт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен эскертишти. Ведомство маалыматына ылайык, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү белгиленип, мамлекеттик майрам болуп эсептелет.

 

Бирок эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул күндөрү дем алыш жарыяланбайт, болгону иш убактысы бир саатка кыскарат.