Эртеңден тарта Бишкекте Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабына байланыштуу 16-июндан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу чектелет.

 

Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.