Кыргызстанда эртеңден тарта эң аз пенсия 8 миң 800 сом болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин пенсия жыл сайын 200-300 сом, эң көп дегенде 500 сомго жогоруласа бул жолу сезилерлик көтөрүлө турганын айтууда.
Эске салсак, өлкөдө пенсия акыркы жолу 2025-жылдын 1-октябрында жогорулап, эң аз пенсия 7 миң 100 сом болгон.



