Эртеңден тарта карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

 

Эгерде карыздан улам газ берүү токтоп калса, аны кайра калыбына келтирүү үчүн арыз берүү талап кылынат. Белгиленгендей, кайра туташтыруу акысы 1 миң 270 сомду түзөт жана үч күн күтүү керек.

 

Карызды «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси, расмий сайттагы жеке кабинет, төлөм дүмүрчөгү же «Менин үйүм» кызматы аркылуу төлөөгө болот.