Эртеңден тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу беш автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт. Өзгөртүүлөр №7, №8, №18, №23 жана №62 каттамдарына тиешелүү.
Оңдоо иштери аяктаганга чейин бул автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.



