Эртең футбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алат

Эртең футбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алат.

 

Салтанаттуу ачылыш аземи 12-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 1де башталат. Мундиаль быйыл АКШ, Мексика жана Канадада өтөт.

 

Биринчи жолу дүйнө биринчиликке катышкан курамалардын саны 36 эмес, 48ди түздү. Чемпионаттын финалы 19-июлга белгиленген. Белгилеп кетсек, мундиалга коңшу Өзбекстан курамасы дагы катышууда, ал “К” тобуна туш келип, биринчи беттешин 18-июнда Колумбияга каршы өткөрөт.