Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, эртең мененки саат 9да салтанаттуу линейкалар өтүп, андан кийин класстык сааттар уюштурулат. Ар бир класска мекен, эгемендүүлүк, тарых жана Кыргызстандын келечегине арналган өзүнчө темалар даярдалган.
Мектептердин айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Жаңы окуу жылында өлкө боюнча 1,5 миллиондон ашык бала мектеп партасына отурат. Быйыл өлкөдө өткөн бир катар ири иш-чараларга байланыштуу окуу жылы кечирээк башталууда.



