Көчмөндөр оюндары маалында Кырчын жайлоосуна күнүнө 100 миңдей адам келери күтүлүүдө.
Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Жайлоого 500дөн ашуун боз үй тигилип, жети облус, Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле коомдук уюмдардан 15ке жакын этношаарча уюштурулат. Быйыл коноктор бардык шарттар түзүлүп жатат. Көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкек Аренада ачылат.



