Көк бөрү жана көкпардын финалдык беттешинин билеттеринин акчасын кайтарууга арыздар кабыл алынат

Көк бөрү жана көкпардын финалдык беттешинин билеттеринин акчасын кайтарууга арыздар кабыл алынат.

 

Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук электрондук билет системасы аркылуу көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге жалпысынан 7 миң билет сатылган.

 

Анын ичинен 2 миң 591 билет валидациядан өтпөй калган. Сатып алган билеттерин пайдалана албай калган жарандар акчасын кайтарып алуу үчүн 20-сентябрга чейин табыштама бере алышат.