Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жумуштар 75 пайызга аткарылды.
Долбоорго ылайык, үч кабаттуу мектеп имараты курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы жайгаштырылат. Объекттин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган.
Кошумчаласак, ордо калаада мындан тышкары дагы 19 мектептин курулушу жүрүп жатат.



