“Көңүл бургула, балдар!” аттуу рейд башталды

Кыргызстанда окуу жылынын башталышы менен “Көңүл бургула, балдар!” аттуу рейд башталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө боюнча мектептердин жанында нөөмөттө туруп, айдоочулардын ылдамдык режимин сактоосун көзөмөлдөп жатышат.

 

Өзгөчө ылдамдыкты чектеген белгилер орнотулган жана эреже бузуу көп катталган аймактарга көңүл бурулууда.

 

Рейд балдардын мектепке барып-келүү жолунда коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

 

Милиция кызматкерлери ата-энелерге балдарга унаа, мотоцикл жана скутер айдоого уруксат бербөөнү эскертишет. Ошондой эле айдоочуларды мектептердин жанында этият болуп, ылдамдыкты азайтууга чакырышат.