ӨКМ: Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жок

Чүй облусунун Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн суусунун көлөмү азайтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган көлдүн жырылып кетүү коркунучу жок.

 

Атайын изилдөөдө көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык экени аныкталган.

 

Ага карабай көлдүн толуп калуу, жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылды. Андыктан жакын жашаган айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жок, — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.