Көмүр ташып чыгууга салынган тыюу дагы узартылды

Кыргызстандын аймагынан көмүр ташып чыгууга салынган тыюу дагы узартылды. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мындай чектөө алты айга созулат.

 

Бирок кара отунду Кытай менен чектеш “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери аркылуу алып чыкса болот. Документ расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Белгилеп кетсек, өлкөдөн көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы киргизилген чектөө улам-улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.