Көпчүлүк жубайлар (58%) үй иштерин тең бөлүштүрүү керек деп эсептешет. Ошол эле учурда социологдордун маалыматы боюнча, дээрлик төрттөн бири ар кимдин өз жоопкерчилик аймагы болгону жакшы деп санайт: бирөө тамак жасаса, экинчиси таштанды чыгарат.
Сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70% эң жактырбаган үй жумушу катары терезе жуууну аташкан.
Ошондой эле кийим үтүктөө, пол жуу жана ванна тазалоо да популярдуу эмес иштердин катарына кирет. Үй иштерин жагымдуураак кылуу үчүн көпчүлүк музыка угушат, ал эми айрымдары бийлеп да алышат.



