Күзүндө үч жаңы футболдук стадион пайдаланууга берилет

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, алар Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларында жайгашат. Объекттерге прожекторлор орнотулуп, талаа даярдалууда.

 

Ошондой эле трибуналар, чатырлар, чуркоо жолу жана башка керектүү элементтер болот.

 

Маалым болгондой, Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларындагы стадиондор Улуттук лигада ойногон клубдардын балансында болот. Ал жерде уландар арасында үй беттештерин жана өлкө биринчилигин өткөрүү пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.