Күзүндө пенсиянын кезектеги жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул максатта мамлекеттик бюджетте 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Орточо эсеп менен пенсия 7 пайызга жогорулайт.
Эске салсак, өткөн жылы өлкөдө пенсиянын эң аз өлчөмү жашоо минимумуна жеткирилген. Бул жылкы көбөйтүү дагы октябрга туура келет жана пенсионерлердин бардык категорияларына тиешелүү болот.



