Кабо-Верде курамасынын 40 жаштагы дарбазачысы Жозимар Возинья биринчи оюндан кийин жылдыз аталды. Кечээ команда алгачкы ирет дүйнө чемпионатына чыгып, дароо Испания курамасынын атактуу футболчулары менен кез келди.
“Кызыл фурия” 27 жолу сокку жасап, Возинья бирин дагы өткөргөн жок, оюн эсеби 0:0.
Сенсациялык беттештен кийин дарбазачы ыйлап жиберген. Оюндан кийин Жозимар Возиньянын инстаграмм баракчасына миллиондогон адамдар жазылды, оюнга чейин ага 50 миң адам жазылуу болсо, эми анын катталуучуларынын саны дээрлик 5 миллионго жакындады.



