Кадамжай районундагы Сырт айылында жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 130 орунга чакталып, Сырт, Ынтымак жана Жаңы Сырт айылдарынын балдарын кабыл алат.
Анда 7 тарбиячы эмгектенет. Бала бакчада бардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү — жылытуу системасы, ашкана, уктоочу бөлмө жана оюн бөлмөлөрү бар. Заманбап жабдуулар орнотулду.



